Активист Мелис Аспеков кайра кармалды
Активист Мелис Аспеков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ИИМ Аспековго кылмыш жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен айып таккан.
Жыйынтыгында Биринчи Май райондук соту активистти 27-ноябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
Ал ИИМдин тергөө абагында болот.
Эске сала кетсек, Мелис Аспековго "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директорунан 250 миң доллар талап кылган жана алдамчылык кылган деп айыпталган. Ал жети жылга эркинен ажыратылган. Аспеков жаза мөөнөтүн Молдовановкадагы колонияда өтөгөн. Ушул жылдын 23-майында ал президенттин ырайымынын негизинде бошотулган.




