super.kg logo

Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн кыздар кармалды (видео)

 

Жалал-Абад облусунда интимдик кызмат көрсөтүп келген жай аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, облус аймагында кыздарды ар түрдүү сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызмат көрсөтүү жана сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

27-сентябрь күнү милиция кызматкерлери Спутник кичи шаарчасында тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

"Контролдук сатып алуу атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында белгиленип берилген акча каражаттары, интимдик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчалар, эсеп кылган дептер жана презервативдер алынган. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар, сутенёр болуп иштеген администраторлор кармалып, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстандан келип, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталды", - деп билдиришти обустук милициядан.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.






Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2023. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жерлер толтура кочодогу баардык таксистерден сурагыла ырдап айтып берет калп эле доля бербей койгонду кармап калганын издемиш болбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: