super.kg logo

Ошто шаар күнүнө карата уюштурулган жарышка 3000дей адам катышты (фото)

 
Бүгүн, 30-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында 5-октябрь шаар күнүнө карата жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Жарыштын ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, мекеме-ишканалардын, уюмдардын эмгек жамааттары, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү, медициналык кызматкерлер жана шаар тургундары катышышты.
Катышуучулар 16 категория боюнча 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркашып, күч сынашты. Байгелүү орундарды ээлеген жөө күлүктөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
Спорттук иш-чара 14 жаштан 67 жашка чейинки (эркектер) жана 14 жаштан 60 жашка чейинки (аялдар) арасында өтүп, ага 3 миңден ашык адам катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: