Бүгүндөн тарта Кыргызстанда пенсия көбөйөт
Кыргызстанда бүгүн, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка сентябрь айынын башында президент Садыр Жапаров кол койгон.
Тактап айтканда 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайыз, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт, ага 3,9 миллиард сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1 692 сомго көп.
Мында жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору.
"Эгерде пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 миллиард сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 миллиард сомду түзөт. Ошону менен бирге пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат, - деп айтылган билдирүүдө.
Ошондой эле 30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралып жатканы, учурда кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланган.



