Бишкекте 21 адам шаурмага ууланды




Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, арасынан 15 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш лаваш” жана “Мидос” фастфуд түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Ууланууга шаурма себеп болгон.
Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15 адам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, алардын экөө жаш балдар. Дагы алты адам амбулатордук дарыланууда.
Белгиленген мыйзам бузуулар үчүн тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, алар убактылуу жабылды.
Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул факты боюнча чукул жыйын өткөрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.