super.kg logo

Евгений Пригожиндин акыркы керээзи белгилүү болду

 

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын маркум жетекчиси Евгений Пригожиндин керээзи интернетте жарыяланды. Бул тууралуу News.ru басылмасы жазды.

Ушул жылдын 2-мартындагы документке ылайык, ишкер бардык мүлкүн 25 жаштагы уулу Павелге мурас катары калтырган.

"Менин көзүм өткөндө мага таандык болгон мүлктөрдүн бардыгын, кандай болсо да, кайсы жерде болсо да, ошондой эле келечекте мага таандык боло турган мүлкүмдү Павел Евгеньевич Пригожинге калтырам", - деп айтылат документте.

Керээздин шарттарына ылайык, Павел мурастын эсебинен Пригожиндин жесири, анын кыздары жана апасы Виолетта Пригожинанын «татыктуу жашоосун камсыз кылууга» тийиш. Ал пенсионер катары мурастын 10 пайызын алууга укуктуу.

Бизнесмендин аялы Любовь Пригожина эч нерсе албайт, анткени Евгений Пригожин тирүү кезинде ага мүлктүн бир бөлүгүн өткөрүп берген. Ошондой эле ишкер кыздарына эч нерсе калтырган эмес, керээзде анын уулу гана көрсөтүлгөн.

Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.

Кийинчерээк Пригожиндин сөөгү өлүкканадан таанылганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: