Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленип жатат (фото)









Бүгүн, 2-октябрда Нарында белгилүү саясий ишмер Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, маданий иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.
Алгач Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы “Ормон Хан” ордосунда Кыргызстандын Мамлекеттик туусу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылды.
“Ормон хан” ордосун куруу үчүн Семиз-Бел айылынын чыгыш тарабынан 1 гектар жер трансформацияланып, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 7 миллион сом каралган.
Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылууда.
Белгилей кетсек, Ормон хан Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салымын кошкон тарыхый инсан, ал 19-кылымдын ортосунда чачкын кыргыз урууларын бириктирип, көз карандысыз Кыргыз хандыгын түзүүгө аракет кылган.
