Эми Бишкекте жаңы автобустар жол эрежесин бузгандарды каттай баштайт

Маалыматка караганда, бөлүнгөн тилкенин участкаларында ИИББы боюнча ЖККББнын кызматкерлери тартип бузгандарды аныктап, административдик чара көрүү иштерин жүргүзүүдө. Ага байланыштуу Бишкек шаарында каттаган жаңы автобустардын ичине 4 фото жана видеофиксация камерасы орнотулган.
Ага ылайык, пилоттук долбоордо видеобайкоо камераларынан жазуулар жол эрежесин бузууларды аныктоо үчүн күн сайын иштелип чыгат, аныкталган тартип бузуулар (фото, видео материалдар) зарыл административдик чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна жиберилет.
Белгилей кетсек, салондун ичинде 2 видеокөзөмөл камералары иштейт. Конфликттик кырдаалдар же башка укук бузуулар болгон учурда жазууну карап чыгууга болот.
"Бардык унаа сүйүүчүлөр үчүн жол эрежелерин жана коомдук тартипти сактоо жөнүндө эскертүү.
Авто сүйүүчүлөрдүн бардык эреже бузуулары (уруксат берилбеген жайларга токтотуу, ошондой эле коомдук транспорт үчүн токтоочу жайларда унаанын токтотулушу, кыймылдын каршы тилкесине чыгуу, белгилер) автобустарда камералар менен катталат жана администрациялык айып салуу менен протокол түзүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.