"Коргоо ордери берилген". Селекцияда бети кескиленген келиндин жактоочулары Башкы прокуратурага кайрылышты
Бишкектин четиндеги Селекция айылында мурдагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган Асел Ногойбаеванын жактоочулары укук коргоо органдарына нааразычылыгын билдиришип, Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда өткөн маалымат жыйынында укук коргоочу Улан Сейитбеков билдирди.
Анын айтымында, аял мурунку күйөөсүнүн зомбулуктары боюнча милицияга көп жолу арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында бети кескиленген келинге бир нече жолу коргоо ордери берилген.
"Асел Ногойбаевага 2022-жылдын 31-августунда, 26-ноябрында жана 2023-жылдын 23-январында, 15-майында, 26-августунда коргоо ордери берилген. Укук коргоо органдарынын аракетсиздигинен улам биз Башкы прокуратурага кайрылдык", - деди Улан Сейитбеков.
Ал эми жактоочу Индира Саутова мурдагы аялынын бетин кескилеген жаран аны экинчи ирет зордуктап, сабагандан кийин үй камагында жатып, аялды кайра куугунтуктап, кыйнаганын белгиледи.
Эске салсак, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.
Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.
Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынды.

