super.kg logo

Селекциядагы зомбулук: Базарбеков пробация колдонгон судьяны сындады

 

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактап, кулак-мурдун кескен Асел Ногойбаеванын окуясындагы соттордун иштери тууралуу комментарий берди.

Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кылмышка шектүүгө буга чейин зордуктоо беренеси менен эки кылмыш иши козголгонун, биринчи иш жабырлануучунун арызы менен кыскарып, экинчи иште судья аны пробациянын негизинде бошоткону тууралуу айтып берди. Ал эми айыпталуучу биринчи зордуктоосуна 8 жылга эркинен ажыратылып, кулак-мурдун кескени боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

"Селекциядагы ишти караган соттордун чечими мен үчүн оор болууда. Бул көрүнүш биринчи жолу болгон эмес экен. Жабырлануучу буга чейин да укук коргоо органдарына эки жолу кайрылган экен. Бирок жабырлануучу соттордон ишти кыскартып берүүсүн талап кылган. Ошол себептен Сокулуктагы соттор анын талабы боюнча ишти кыскартышыптыр. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн жабырлануучунун - укугу. Ал эми соттор тарабынан кабыл алынган чечим алардын - милдети. Алар милдеттүү түрдө бул ишти кыскартыш керек болот. Экинчи зордуктоого чейин судья тарабынан пробация жана эркинен ажыратылбаган жаза белгиленген экен шарттуу түрдө. Албетте мен муну туура эмес көрдүм. Себеби биринчи зордуктаган иши кыскарса дагы, айыптоодон баш тартса дагы ошого баа берип, эске алып анан жаза чектеш керек болчу. Эмнегедир ошого карабастан соттор пробацияны колдогон экен. Так айтканда, ал судья жумушунан кетиши керек болчу. Мындай соттор жараксыз болуп саналат. Андайды коомчулук дагы, мамлекетибиз дагы жактырбайт. Бизге карата негиздүү сын айтылса аны кабыл алышыбыз керек, андан качпашыбыз зарыл.

Иш каралып бүтүп, пробация чечими алып салынып, 8 жылга бир эле кылмыш иши боюнча эркинен ажыратылды. Ал эми айыпталуучунун кулак - мурдун кескени боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Базарбеков.

Ошондой эле ал пробация чечиминин кабыл алынуусуна "мыйзам" толугу менен күнөөлүү экендигин айтты.

"Мындай чечимдердин кабыл алынуусу боюнча соттордун да күнөөсү бар. Бирок баарына күнөөлүү “мыйзам” болуп саналат. Мыйзам жазык-кодексинде ушундай зордуктоо кылмышын кылган иштер боюнча пробация колдонгонго ачык жол берип койгон. Ошол себептен мен ушул жерде коомчулукка айтат элем. Бул мыйзамды парламент да эске алышы керек. Парламент да ушундай иштерге карата пробацияны жок кылып, мыйзамды өзгөртүш керек", - деп кошумчалады Жогорку Соттун төрагасы.

Эске салсак, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: