super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кочкордогу "Орман Хан" сейил багына барып, ат чабышты түз эфирден көрдү

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы реконструкцияланган "Ормон Хан" паркын көрүп чыкты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, паркты көрктөндүрүү иштери тарыхый ишмер Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн.
"13 гектар аянттагы "Ормон Хан" паркы 1995-жылы эле ачылган. Пландаштырылган иш-чаралардын алкагында аны реконструкциялоого республикалык бюджеттен 36 миллион сомдон ашык каражат каралган. Бүгүнкү күндө паркта эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы тротуардык плитка төшөлгөн, жарыктандырылган сейилдөө аймагы курулган, ирригациялык система калыбына келтирилген.
Оркестрдин коштоосунда маданий-оюн-зоок программасы өтүп жаткан "Ормон Хан" паркында мамлекет башчысы реконструкциядан кийинки паркты көрүп чыгып, Ормон Хандын 230 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралардын алкагында өлкөнүн бардык облустарынын өкүлдөрү тарабынан жасалгасы менен орнотулган боз үй шаарчасына барды. Аталган программага катышкан коноктор менен баарлашып, боз үйдөгү аксакалдар менен чогуу аламан байге ат чабышын түз эфирде көрүп отурду", - деп жазылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: