super.kg logo

"Индияга баруунун зарылчылыгы жок". Ошто боорду, бөйрөктү алмаштыруу борбору ачылат

 

Оштун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында "Боор жана бөйрөктү трансплантациялоо" борбору ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ош облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бул борбордун ачылышы маанилүү. Анткени бул мындан ары дарыланууга алыскы Индияга жана башка өлкөлөргө чыгуунун зарылчылыгы жок болот. Эми боор, бөйрөк ооруларына жардам бере турган Ошто да борбор ачылат.

"Учурда Ошто боор жана бөйрөк ооруларын алдын алуу жана дарылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүчү борборду түзүү үчүн ири инвестициялар тартылууда.

Облус башчысы Эльчибек Джантаев белгилегендей бул борбордун негизги максаты - өз убагында көйгөйлөрдү аныктоо жана хирургиялык кийлигишүүсүз алардын өнүгүшүнө жол бербөө жана жарандарыбызды арзан тейлөө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: