super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан саркынды суу балдар аянтчасына агат" (видео)

 

Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын Деканова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн чыккан саркынды суу балдар аянтчасына агат. Аталган билдирүү жергиликтүү тургун тарабынан ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.

Анын айтымында, Сүлүктү шаарындагы Деканова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан саркынды суулар балдар аянтчасына агат.

"Мына өзүңүздөр көрүп жаткандай эле үйлөрдөн чыккан саркынды суулар түз эле эшикке агып, балдар аянтчасына чейин чыгып кетет. Бул жерде балдар ойнойт. Ал эми жытын айтпай эле коёюн. Кадимкидей эле дааратканадай жыттанат. Дааратканадан чыккан саркынды суулар балдар аянтчасын бойлой агат. Бул канализацияга 4-5 жыл болду. Тазалаган, оңдогон киши жок. Ушул агып жаткан жеринен эле тазалап кетишет", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Видео

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: