Баткенде Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жолукту
Кечээ, 2-октябрда Баткен шаарында тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан жана Кыргызстандын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны болуп өттү. Мындай маалымат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Кыргызстандын делегациясын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстандын делегациясын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.
"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Ятимов жана Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрүн билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды берди.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын сыпаттоо боюнча калган бөлүмдөрүндө ишти улантат", - деп жазылат билдирүүдө.
Жолугушууда чек ара аймактарынын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек арага жакын аймактары менен облустарынын активдүү кызматташуусун улантуу зарылчылыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.



