super.kg logo

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда (фото)

 

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ош - Баткен - Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, учурда иштер жолдун 83, 124 жана 126-чакырымында (Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарлары) жүрүп, атайын буферлер кооптуу бурулуштарга коюлуп жатат. Кум толтурулган челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 килограммга жетет.

Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт.

"Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин буферлер Чүй облусунун жолдоруна орнотулган. Эми алар башка облустарга да коюлуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: