super.kg logo

Кыргызстан менен Франциянын экономика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

 

Кечээ, 3-октябрда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Франциянын "Electricite de France" (EDF) компаниясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер-Поль Антониссэнс жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, башкы маселе эки өлкөнүн ортосундагы энергетика тармагындагы экономикалык кызматташтыкты талкуулоо болду.

Тараптардын Кыргызстандын аймагында EDF компаниясынын катышуусу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиги баса белгиленип, бул багыттагы мындан аркы кадамдар талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенишүүнү жана Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду активдештирүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иш алып барууга даярдыгын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: