Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды.




Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды.Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Ысык-Көл районунун аймагында жергиликтүү тургун мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.
Аталган маалымат каттоого алынып, кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөн Чүй облусунун 46 жаштагы тургуну, убактылуу Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан Д.Б. кармалган.
Кылмышка шектүү жарандын жашап жүргөн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат марихуана баңги затына таандык экени аныкталган. Анын таза салмагы 9 килограмм 427 граммды түзгөн.
Райондук соттун чечими менен шектүүгө карата козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү учурунда бир айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Тергөө иштери уланууда.
