super.kg logo

Эми Казакстан тууралуу терс пикир айткан чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынат

 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө тууралуу терс пикирин айткан чет элдиктердин тизмеси түзүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий өкүлү Айбек Смадияров брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, эми Казакстан тууралуу жагымсыз пикир айткандар үчүн өлкөнүн чек арасы жабык, алар Казакстанга кире алышпайт.

"Албетте, биз бул тизмени түзүп жатабыз, бирок бул жумушчу тизме. Биз аны ачыкка чыгарбайбыз. Болгону айтылгандардын баары көз жаздымында калбайт. Тизмеде канча адамдын бар экени тууралуу айта албайм. Алар өлкөгө киргизилбейт", - деди Айбек Смадияров.

Жыйында "орусиялык эндокринолог Илья Магеринин "Казакстан тууралуу агрессивдүү пикирине байланыштуу" билдирүүсү да талкууланган. Социалдык тармактарда Магери ага "сенин Казакстанга керегиң жок, сен империалистсиң" деген пикирин билдирген окурман менен пикир келишпестикке барган. Магери казак илимдер академиясын "ошол империя курганын", анын натыйжасында Казакстанда окумуштуулар менен өнөр адамдары чыкканын жазган. Ошондой эле дарыгер "ушул сыяктуу баарын түртүп жаткандарга согуш ачабыз" деген пикирин калтырган.

Бул өз кезегинде социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу нааразычылыктарды жараткан.

"Миллиондогон аудиториясы бар эндокринологго менден чоң салам. Өз оюн айткандан көрө элге кызмат кылып, кесиби менен алектенсе жакшы болмок. Биздин Орусия менен жакшы мамилебиз бар жана биз стратегиялык мамлекеттер катары иштейбиз", - деп билдирген Смадияров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: