super.kg logo

Пакистанда орган сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Алар 300дөй адамдын органын саткан

 

Пакистанда жарандардын бөйрөгүн мыйзамсыз алып, сатып жүргөн дарыгер жана сегиз кишиден турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, айрым донорлор операция жасоого макулдугун беришкен эмес. Пакистандын Пенжаб провинциясынын башчысы Мохсин Наквинин айтымында, Фавад Мухтар аттуу дарыгер бөйрөктү алып салуу операцияларын үйүндө жасаган. Ошондой эле бейтаптарды аталган дарыгердин жардамчысы алып келип турган. Жалпысынан Мухтар 328 жолу операция жасап, андан 3 донор каза тапкан.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, кармалгандар бөйрөктү чет элдик бейтаптар үчүн 120 миң долларга, ал эми жергиликтүү тургундар үчүн 36 миң долларга сатышкан.

Кийинчерээк Мухтардын буга чейин беш жолу камакка алынганы, бирок анын пара берүү менен абактан чыгып кеткени аныкталган.

"Чындыгында дагы көптөгөн мыйзамсыз операциялык бөлмөлөр жана трансплантациялар бар. Булар бизде тастыкталгандары гана", - деди Накви.

Пакистанда 2010-жылы адам органдарын сатууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Донорлор, дарыгерлер жана ортомчулар тарабынан органдарды чет өлкөгө массалык түрдө сатууну токтотуу үчүн он жылга эркинен ажыратуу жана ири суммадагы айып пул каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: