super.kg logo

Beeline өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты колдоду

 

Beeline Кыргызстан компаниясы («Скай Мобайл» ЖЧК) мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматына өткөн алгачкы бейөкмөт уюмдардын бири болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, кагаздан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү үчүн өлкөнүн мамлекеттик органдарына автоматташтырылган Infodocs тутуму ишке киргизилди. Beeline Кыргызстан дагы Infodocs’ко кошулууну чечип, ошону менен өлкөнүн санариптештирүү аракеттерине колдоо көрсөткөн биринчи бейөкмөт уюмдардын бири болуп чыкты.

Бул тутум Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. Infodocs электрондук документ жүгүртүү тутумуна кошулуу иш процесстерин тездетет жана мамлекеттик органдар менен Beeline Кыргызстан ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондой эле кагазды керектөөнү кыскартууга жардам берет, бул жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзөт.

«Beeline менен мамлекеттик органдардын өнөктөштүгү бизнес менен мамлекет биргелешип өз ара пайдалуу максаттарга жете аларын көрсөтүп турат. Бизнес секторунун башка өкүлдөрү Beeline Кыргызстандан үлгү алып, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты колдойт деп ишенебиз», — деп белгилейт компания.

Beeline: 25 жыл бою мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: