super.kg logo

Быйыл өлкөдө миңден ашык соттолуучунун  334үнө ырайым берилди

 

Бүгүн, 3-октярбда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү" долбоору экинчи окууда жактырылды.

Жыйында президенттин администрациясынын Ырайым кылуу комиссиянын катчысы Светлана Бондаренко ушул жылы өлкө башчысынан ырайым сурап миңден ашык соттолуучу кайрылганын айтты.

"Быйыл биздин комиссия ырайым сураган 1038 кайрылууну карап чыкты. Алардын ичинен 334 адамга гана ырайым берилди. Бирок ырайым берилди деген эркиндикке чыкты дегенди билдирбейт. Көпчүлүгүнүн жаза аткаруу мөөнөтү кыскартылды. Ал эми быйыл өмүр бою эркинен ажыратылгандарга ырайым берилген жок", - деди Бондаренко.

Ал эми юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзамдагы айрым өзгөртүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылган жарандарга тиешелүү экенин маалымдады.

Азыркы мыйзамга ылайык, өмүр бою эркинен ажыратылган адам түрмөдө 20 жыл отургандан кийин өлкө башчыдан ырайым сурай алат. Эгер ырайым кабыл алынбаса, анда экинчи жолу 10 жылдан кийин гана кайрылса болот. Долбоордо 10 жылды беш жылга кыскартуу сунушталууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: