super.kg logo

MEGA "Унаа курап ал" суроо-жооп оюнунун жеңүүчүсүнө Tesla унаасын тапшырды

 

MEGA компаниясы “Унаа курап ал” суроо-жооп оюнунун төртүнчү турунун жыйынтыгын чыгарды, анын жыйынтыгында башкы байгенин – Tesla Model 3 электромобилинин жеңүүчүсү аныкталды.

30-сентябрда экологиялык жактан таза, ультразаманбап электромобилдин ачкычын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

Мукам үндүү аткаруучуларыбыз Адилет Жумабеков, Салтанат Аширова, Кайрат Примбердиев, Нурбек Савитахуновдун өз өнөрлөрүн көрсөтүп, келген меймандарга жагымдуу маанай тартуулады.

Салтка айланып калгандай эле, бүйүр кызыткан конкурстар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө MEGA тарабынан даярдалган эксклюзивдүү белектер берилди.

Кеченин жагымдуу көз ирмемдери интеллектуалдык оюндун жеңүүчүсүн жарыялоо болду. Бишкектик ардагер Эдил Абдрахманов Tesla Model 3 унаасынын бактылуу ээси болуп табылды.

"Мен суроо-жооп оюнуна кокустан катышып калып, билимимди текшерип көрүүнү чечтим. Андан кийин кызыга баштадым да, 10 миң сом утуп алдым. Бул утушумду толугу менен оюнга катышууга жумшадым, 50 миң сом утуп алгым келди. Натыйжада Тесла унаасынын ээси болуп калдым. Ушундай кызыктуу интеллектуалдык таймаш үчүн MEGA компаниясына ыраазычылык билдирем”, деди төртүнчү этаптын жеңүүчүсү.

Эскерте кетсек, абоненттердин көптөгөн суроолору боюнча MEGA "Унаа курап ал" Акциясынын алкагында суроо-жооп оюнун узартуу чечимин кабыл алган.

Катышуучуларды төмөнкүдөй байгелер күтөт:

  • ар күн сайын – 10 000 сом;
  • ар апта сайын – 100 000 сом;
  • СУПЕРБАЙГЕ – 3 000 000 сом.

"Унаа курап ал" суроо-жооп оюнуна катышуу эрежелери менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

Катышып, байге утуп алыңыздар! Канчалык жигердүү катышсаңыздар, жеңүүчү болууга мүмкүнчүлүк ошончолук көп болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: