Кыргызстанда 841 мугалимдин жетишпей турганы айтылды
Кыргызстанда орто мектептерде 841 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Кендирбаеванын маалыматына караганда, Бишкекте 213, Ош шаарында 25, ал эми облустардан Баткенде 129, Ысык-Көлдө 65, Жалал-Абадда 69, Ошто 21, Нарында 5, ал эми Талас облусунда 28 мугалим жетишпейт. Алардын көпчүлүгү орус тили жана так илимдер боюнча предметтерге тиешелүү.
Ошондой эле Кендирбаева өлкө боюнча так илимдер боюнча мугалимдер жетишпей жатканын билдирди.
"Айыл жергесинде химия, физика же болбосо СТЕМ багытындагы жана англис тили боюнча мугалимдер жетишпейт. Ал эми шаарда болсо баланын саны өтө көбөйдү, аларды менчик мектептерге алып кетүү коркунучу бар", - деди ал.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 82 миң мугалим бар. Алардын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде иштешет.



