super.kg logo

Бажы кызматы: "Дээрлик 9 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды"

 

Бажы кызматкерлери дээрлик 9 миллион сомдук мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы Кыргызстандын резиденттери "Э. Н." ЖЧК, "С.К." ЖИнин дарегине кийим-кече, жашылча-жемиш сыяктуу товарлар Өзбекстан, Иран жана Түркмөнстандан жөнөтүлгөн. Жолдо Казакстандын бажы постунда бул товарларга 11 транзиттик декларация таризделген.

Бул транзиттик декларацияларга ылайык, товарлар жүк ташуучу унааларда ташылып, бажы тариздөөчү жерлерге жеткирилиши керек болчу.

Бирок товарлардын жеткирилбегендиги жана тиешелүү бажылык тариздөөсүз товарларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталган. 11 транзиттик декларация боюнча жеткирилбеген товарлардын баасы 127 миң 416 долларды, товардын жалпы салмагы - 282 526 килограмм, ал эми төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 миллион 944 миң 428 сомду түзөт.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча материалдар каттоого алынып, мыйзамдарда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: