Кыргызстандын айыл мектептеринде орус тилинде окутулган класстар жабылышы мүмкүн
Өлкөнүн айыл мектептеринде орус тилинде окутулган класстар жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.
"Кийинки Билим берүү министрлигинин артыкчылыктуу багыты бул кыргыз тилин милдеттүү түрдө көбөйтүү. Анткени Кыргызстанда конституциялык тил кыргыз тил болгондуктан биз бул маселени биринчи орунга коёбуз. Бул кээ бир мекемелерде түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүн, бирок биздин милдетибиз ошол.
"Балким, айыл жериндеги орус класстарын жабууга туура келет. Анткени алар билим берүү тармагын өнүктүрүүдө талап кылынган сапатты камсыз кыла албай жатышат", - деди ал.
Ал ошондой эле ар бир кыргызстандык мамлекеттик тилди билиши керектигин белгиледи.
"Кайсы өлкөгө барбаңыз баары бир тил менен иштешет. Мейли биз мактаган Эстонияны караңыз, Финляндияны караңыз. Ошондуктан улутубузга карабай кыргыз тилин милдеттүү түрдө билебиз. Билим берүү министрлиги бул багытта туруктуу саясат жүргүзөт", - деп жыйынтыктады Догдуркүл Кендирбаева.

