Бишкектеги массалык уулануу: Он тез татым жайы убактылуу жабылды
Бишкекте массалык уулануудан кийин тез тамактануучу түйүндөр текшерилип, он объекти жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.
Маалымдалгандай, эки күндүн ичинде 37 тез татым түйүнү текшерилген. Анын жыйынтыгында санитардык эреже бузгандыгы үчүн 36 протокол түзүлүп, 568 миң сомго айып салынды.
Мындан тышкары, жер-жерлерде алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, 1-октябрда борбор калаадагы "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларынан шаурмага 21 адам ууланганы маалымдалган болчу. Андан кийин кечээ, 2-октябрда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 43 адам кайрылган. Анын ичинен 23ү ооруканага жаткырылган.
Ушул эле күнү уулгангандардын саны 64кө өскөнү кабарланган. Ал эми бүгүн, 3-октябрда алардын саны 71 адамга жеткени айтылды.
Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган.


1 |