"Казакстанда 20 жылдан бери мал багат". Рак менен ооруп жаткан кыргызстандык Абдираимов жардамга муктаж









Бекназар Абдираимов 20 жылдан бери Казакстанда мал багып иштейт. Ал быйыл жаз айында көзү шишип кетип, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер ага "курч түрдөгү мээнин шишиги" же "острый опухоль головного мозга" деген диагноз коюшкан.
Абдыраимовдун карындашы Элмиранын айтымында, дарыгерлер ага коркуп кетпесин деп башында диагнозун айтышкан эмес.
"Байкем көзү шишип кеткенинен Казакстандагы ооруканага кайрылган. Дарыгерлер "острый опухоль головного мозга" деген диагноз коюптур. Алгач ага коркуп кетпесин деп "ат тепкенден шишип кетти" дешиптир. Көрсө оорусу күчөп кетип, көзүнө өтүп кеткен экен",- деди Элмира Абдираимова.
Анын айтымында, Бекназар Абдираимовду Кыргызстанга алып келип да текшертишкен. Бейтапканадан ага ошондой эле диагноз коюшуп, мүмкүнчүлүгү болсо Казакстандан эле химиясын толук алууну сунушташкан. Учурда Абдираимов 20 күн мал бакса, бир жума ооруканада дарыланууда.
"Байкемдин 6 баласы бар. Казакстанда мал багып иштеп жүргөнүнө 20 жылдан ашты. Ал жакта үйү бар, бирок чөлдө болгондуктан, аны сатайын десе эч ким албайт экен. Ал жактагы каражатынын баарын химия алууга коротту. Дагы химия алууга каражат керек болуп жатат. Кыргызстанга алып келип, өзүбүздүн өлкөбүздө эле дарылаталы дейбиз. Тилекке каршы, байкемдин Кыргызстанда үйү да, малы да жок. Кийин балдары кандай болот, Казакстанда оорусу күчөп кетсе, ким жардам берет деп коркуп жатабыз. Ошондуктан кайрымдуу элден жардам сурайбыз",- деди Абдыраимова.
Бекназар Абдираимовго жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Мбанк: +996 500 070 381 Абдираимова Элмира
Бакай банк: +996 703 716 291 Абдираимова Элмира
Сбербанк: 2202 2061 5941 2712; +79 215 791 816 Арап кызы Токтокан
Толук маалымат алуу үчүн: +996 703 716 291 номерине байланышууга болот.
кошулду
