Бишкекте велосипед уурдоого шектелип 42 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте велосипед уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Кабарлангандай, 30-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 09:30да белгисиз адамдар 23 миң сомдук TPINX велосипедин уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган. Ал уурдалган велосипедди кайтарып берген.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.