super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда

 
Бишкектеги мыйзамсыз орнотулган объектилер тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жеңил типтеги объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдө. Октябрь районунун аймагында 15тен ашык контейнер жана күркө алынды.
"Иштин жүрүшүндө Исакеев көчөсүндөгү, тагыраагы Аю Гранд соода борбордун айланасында жайгашкан, муниципалдык аймакты ээлеген, жалпы аянты 24 чарчы метрди түзгөн 8 күркө алынды.
Ошондой эле берилген эскертүүнүн негизинде Кулатов көчөсүндө жайгашкан 7 кырк тонналык контейнер ээси тарабынан өз ыктыяры менен алынды", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Кулатов көчөсүндөгү тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: