Бишкектеги эки жашар баланын өлтүрүлүшү: Депутат Байсаловдон түшүндүрмө берүүнү талап кылды
Бүгүн, 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев Бишкекте эки жашар баланын энеси тарабынан өлтүрүлүшү боюнча маселени көтөрдү.
Депутаттын айтымында бул өлкөдөгү социалдык маселелердин жоктугунан болуп жатат.
"Мына кечээ эки жашар балабыз апасынын себебинен улам каза болуптур. Бул бөбөктө эмне күнөө эле. Бул социалдык маселелер же болбосо бала-энеге болгон тарбиянын жоктугу десек болот. Бул боюнча Эдил Байсалов жооп бериши керек. Бул ошол кишинин абийиринде. Мындай кайталанбашы керек", - деди Нурбаев.
Кечээ, 3-октябрда Бишкектеги Көк-Жар айылында 23 жаштагы келин эки жаштагы баласын сабап өлтүргөн деп шектелип кармалган.
Депутат Байсаловдон 2 жашар баланын өлүмү боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.