super.kg logo

"Унаа эле эмес, буюм дагы". Акылбек Жапаров саткандан кийин 10 пайыз салык боюнча түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов элдер унаа алып кайра сатса 10 пайыз мамлекетке төлөп жатканын айтып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон түшүндүрмө сурады.

"Унаа алып саткандан кийин 10 пайыз салык төлөп жатышыптыр. Эмнеге?", - деди Икрамов.

Акылбек Жапаров бул салык кодексинде 10 жылдан бери эле бар экенин айтты.

"Унаа эмес кайсы буюмду алып сатсаңыз дагы пайдасынан 10 пайыз төлөшүңүз керек. Эгерде бир жылдын ичинде унааны алып кайра сатсаңыз ошонун ортосундагы көргөн пайдаңыздын 10 пайызын төлөйсүз. Ал салык кодексинде 10 жылдан бери эле турат, азыр система иштей баштады, накталай эмес төлөмдөр кире баштады.

Мурда унааны алып кайра сатып жиберчү экен, азыр эми жарандык кодекс боюнча келинчеги дагы, биз дагы билип калып жатабыз. Ошонун айырмасынан кирешесин төлөш керек. Эгерде өзүнө сатып алса төлөбөйт, алып-сатар болсо пайдасынан 10 пайыз төлөйт", - деди Жапаров.






Акылбек Жапаров 10 пайыз салык боюнча түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.10.2023. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----- https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: