Бишкектин борбордук унаа жолдору иреттелүүдө





Бишкек шаарынын борбордук унаа жолдору иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаарынын автоунаа жолдорун жеринен кароо иштерин жүргүздү. Андагы аныкталган кемчиликтерди тийиштүү кызматтарга сунуштамаларды берүү менен орундатышты.
"Кызматкерлер тарабынан аныкталган жол чийиндерин, алмаштырууга муктаж болгон жол белгилери алмаштырылып, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жараткан бак-дарактардын бутактары кыркылып, жолдун үстүнкү катмарлары жарылып, оюлуп, пайда болгон чуңкурчаларды жамоо менен жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары өңдөрү өчүп кеткен жол жээгиндеги жол тосмолорун актап сырдап, кечкисин борбордук көчөлөрдүн жарыктандырылуусу текшерүүгө алынды.



