super.kg logo

Министр Бишкекте жана Ошто Кара-Кеченин көмүрү канчадан сатыларын айтты

 

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкекте Кара-Кече көмүрү жок деген маалыматты төгүндөдү. Министрдин айтымында, көмүрдүн баасы 4500-5000 сомго чейин болот.

"8-сентябрдан бери көмүр сыртка чыккан жок. Азыр 6500 сомго чейин көтөрүп жатышат. Бирок "Кыргыз көмүр" ишканасы менен Чүйдө 4500-5000 сомдон сатылат деп пландап жатабыз. Ал эми Ош жана Баткенде 6 миң сомго чейин барат", - деди Ибраев.

Ибраев жаңы ишке кире турган Урмизан кенинин көмүрүн Ош жана Баткен облустарынын тургундарына тоннасын 5 миң сомдон болот деп сүйлөшүлгөнүн айтты.

"10-октябрдан баштап Урмизан кени казыла баштайт. Ошону иштетем деген ишкерлер менен Ош жана Баткенде тоннасын 5 миң сомдон ашырбайсыңар деп келишим түздүк. Бул аймактарда көмүрдүн тоннасын 5-6 миңдин тегерегинде кармайбыз деген планыбыз бар", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: