super.kg logo
  Саясат  

Алиев Түркияда эркиндиги чектелип жаткан кыргыз келинге жардам берүүгө чакырды

 

Эл өкүлү Медер Алиев Түркияда эркиндиги чектелип жаткан кыргыз келинге жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Түркияда укугу, эркиндиги чектелген Кыргыз жаранына тез арада көмөк көрсөтүү керек.

"Мага чет өлкөдө жүргөн бир топ мекендештерибиз кайрылды. Түркияда кыргыз келин, өзүбүздүн карындашыбыз ошол мамлекеттин жаранына турмушка чыккан экен. Учурда анын бир нече укуктары, эркиндиктери чектелип, мыйзамсыздыкка дуушар болуп жаткан чагы. Биздин жарандар чет мамлекетте жүргөндө эгерде алардын укуктары, эркиндиктери бузула турган болсо, бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жапа тырмак маселесин чечкенге аракеттениши керек. Ошол себептен расмий кайрылып кетем, Тышкы иштер министрлигине, аппаратка протоколдук тапшырма берип койсок. Жогоруда зомбулук көргөн эжебиздин маселесин тез, ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтсөк дейт элем", - деди Алиев.






Алиев Түркияда эркиндиги чектелип жаткан кыргыз келинге жардам берүүгө чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: