super.kg logo

"Кыргыз темир жолу": "Кыргызстанда күйүүчү майдын тартыштыгы жаралбайт"

 

Мунай продуктыларды Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда "Кыргыз темир жолу" мекемесинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 4-октябрда Астана шаарында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Сакиев менен "Казакстан темир жолы" АК башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаевдин жолугушуусу болду. Анда тараптар Казакстандын аймагы аркылуу биринчи кезекте социалдык-маанилүү мүнөздөгү жүктөрдү толук көлөмдө транзит менен өткөрүү боюнча биргелешкен ташуулардын пландарын макулдашышты.

Ошондой эле октябрь айына карата 144 миң тонна көлөмүндөгү мунай продуктыларынын транзит көлөмү сүйлөшүлдү. Учурда Кыргызстанга 24,5 миң тонна мунай зат келе жатат.

"Өлкөлөр ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, 4 миллион тоннаны түздү. Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзит 11 пайызга, 2,6 миллион тоннага чейин өскөн. Казакстандан Кыргызстанга экспорт 1,5 миллион тоннаны түзүп, 16 пайызга көбөйдү",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мекеме Казакстан аркылуу Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мекеме Кыргызстандын рыногунда мунай заттардын тартыштыгы пайда болот деген кооптонуулар негизсиз деп белгиледи.

Эске салсак, кечээ өлкөдө 20 күндүн ичинде күйүүчү май тартыштыгы жаралышы мүмкүн экени, буга Казакстандын күйүүчү-майлоочу майларды темир жолу аркылуу ташууга тыюу салганы себеп болгону айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: