Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна пландан тышкары барды (фото)




Бүгүн, 4-октябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барып, Борбордо ишке ашырылып жаткан электрондук саламаттык сактоонун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Улуттук хирургия борбору 2017-жылы эле электрондук документ жүгүртүүгө өткөн. Учурда борбордогу бардык медициналык документтер кагазсыз башкарууга өттү.
"Министр жыйын өткөрүп, борбордун кызматкерлерин угуп, медициналык кызматкерлер менен, кабыл алуу бөлүмүндөгү бейтаптар менен баарлашты. Бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты", - деп жазылат билдирүүдө.
Маалыматты уккандан кийин министр маалыматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн маалыматтык системаны саламаттык сактоо системасынын бирдиктүү санариптик схемасына интеграциялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.