super.kg logo

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды

 

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665 миллион 867 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгына бюджетинин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган бардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665 миллион 867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

- КР бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;
- эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сом.

Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249 миллион 47 миң сомдун ичинен 152 миллион 596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилген:

  • Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата (4 жылга ) бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет;
  • Covid-19 коронавирус пандемиясы учурунда Балыкчы шаарынын тургундарына 8750 килограмм (175 мешок) ун азыктарын 275,6 миң сомго (жабдуучу "Дөөлөт Трейдинг" ЖЧКсы) жана 423,5 мин сомго (жабдуучу жеке ишкер А.Н. Бектурганов) тамак-аш азыктарын тастыктоочу иш кагаздары жок таратылгандыгы боюнча материалдар;
  • К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драмалык театрына материалдык – техникалык базасын чыңдоого (жабдуучу “Вертекс Ком” ЖЧКсы) 750 миң сомго Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан, техникалык спецификацияга жооп бербеген кичиавтобус сатылып алынгандыгы боюнча материалдар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: