Акыйкатчы Жалал-Абаддагы аялдар жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн абагына барды






Маалыматка караганда, Акыйкатчы кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышты. Бардыгы болуп аталган абак 67 орунга эсептелген. Башкы укук коргоочу барган учурда аталган жабык мекемеде 37 адам бар экени белгилүү болду. Алардын 23ү-аялдар, 14ү-өспүрүмдөр (үчөө кыздар).
Акыйкатчы камераларга кирип абакта жаткан аялдар жана өспүрүмдөр менен алардын укуктары тууралуу сүйлөштү.
"Камералардын бириндеги аял абактын кызматкерлери жок өзүнчө сүйлөшкүсү келгенин айтты. Ал соттун ага карата чыгарган баш коргоо чарасы боюнча чечимге-тергөө абагында кармалып турганына нааразы болду.
Мындан башка дагы бир камерада кичинекей кызы менен камалган 32 жаштагы аял кызынын ооруп жатканын, тагыраагы анын баш мээсинде кан басымы жогору экенин айтып арызданды. Акыйкатчы барган учурда эки жашка толоюн деп калган кыз бешикте уктап жаткан. Абак кызматкерлеринин айтымында, балалуу аялга сейилдөөчү камерада баласы менен жүрүүгө мүмкүндүк берилет.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын берген маалыматына таянсак, аялдын 5 жаштагы уулун анын бир тууган эжесинин кароосуна беришкен.
Ноокен райондук сотунун чечими менен аялды тергөө абагына эки айга камашкан. Ал анын жана баласынын укуктарын коргоону сурап кайрылды", - деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы сот жана укук коргоо органдарына, ошондой эле прокуратура органдарына кармалган аялдардын жана баланын укуктарын сактоону камсыз кылуу чакырыгы менен кайрылды.
Акыйкатчы Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Арал участогунда жаңы тергөө изоляторунун курулушу менен таанышты.




