Бишкектеги массалык уулануу: Дагы 9 тез татым жайы жабылды
Бишкекте дагы тогуз тез татым түйүнү убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында 247 миң сомдук айып пул салынды.
Ага чейин борбор калаада 37 тез татым жайын текшерип, алардын 10у убактылуу жабылган болчу. Аларга 588 миң сом айып пул салынганы кабарланган.
Эскерте кетсек, 1-октябрда борбор калаадагы "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларынан шаурмага 21 адам ууланганы маалымдалган болчу. Андан кийин 2-октябрда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 43 адам кайрылган. Анын ичинен 23ү ооруканага жаткырылган.
Ушул эле күнү уулгангандардын саны 64кө өскөнү кабарланган. Ал эми бүгүн, 3-октябрда алардын саны 71 адамга жеткени айтылды.
Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган.



