super.kg logo

Баткенде чек арадагы айылдардын биринде жашаган тургундар президентке кайрылуу жасашты (видео)

 

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары жер мунапысына төлөнүүчү бааны арзандатып берүүсүн суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Алар кайрылуусунда жер мунапысына болгон бааны азайтып, кызыл китеп берилиши тууралуу айтышты. Ошондой эле райондук архитектураны мурдагыдай кылып өз алдынча кылууну талап кылышты.

Президент Садыр Нургожоевичке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына Баткен районунун чек арада жашаган Кара-Бак айылынын тургундарынын атынан кайрылып жатабыз. Жер мунапысына төлөнүүчү төлөмдөр жеңилдетилбей эле, Бишкектин тарифи менен бирдей болуп жатат. Экинчи талабыбыз Баткен районунда райондук архитектура жок. Облуска кошулган. Бирок алар бизди жакшы кабыл алышпайт. Баткен райондук архитектураны мурдагыдай кылып бөлүп берсе биз ошо менен иш алып барсак.

Мындан тышкары мазарга деп жер бөлүнгөн. Бирок ал жерге сөөктөр коюла элек. Комиссия ал жерлерди мунапыска киргизбей жатат. Биз ушул боюнча азыр президенттин өкүлүнө келдик. Губернатор тапшырма берген. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Үч жумадан бери ушул маселелер боюнча талап кылып келе жатабыз.

Бишкекте мунапыска болгон төлөмдөр жалпы 20-25 миң болуп жатат. Ал эми Баткендин чек арага жакын жайгашкан айылдарында да ошол баа болуп жатат. Ушул боюнча мыйзам чегинде карап, чечип берүүңүздөрдү суранабыз", - деди тургундар өз кайрылуусунда.






Баткенде чек арадагы айылдардын биринде жашаган тургундар президентке кайрылуу жасашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.10.2023. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----- https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: