super.kg logo

"Таанылгыс болуп өзгөргөн". Бишкекте имараттардын сыртын иретке келтирүү иштери уланууда

 

Бишкектин Биринчи Май районундагы эки имараттын сырткы түзүлүшү таанылгыс болуп оңдолду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин Жибек-Жолу проспектиси, 326 дарегиндеги "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын имаратынын сырткы сырдоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары Кыргыз эл аралык университетинин (ЭУ) чет элдик студенттери жашаган Фучик көчөсү, 47Б дарегинде жайгашкан "Гурукул" жатаканасынын фасады жогорку технология менен жасалып, аны менен катар жанаша жайгашкан аймактарда көрктөндүрүү жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай демилгелер Биринчи Май районунун муниципалдык администрациясынын жарандык сектор менен өз ара аракеттенүүсүнүн жана бизнес-коомчулуктун өнөктөштүгүнүн аркасында жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: