super.kg logo

Кыргызстандык туроператорлор Парижде эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

 

3-6-октябрда Париж шаарында жыл сайын өтүүчү "France IFTM-2023" эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат жана ага Кыргызстандын делегациясы биринчи жолу катышууда.

Делегациянын курамында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти А.Шерниязов жана фонддун кызматкерлери, ошондой эле "Asia Expedition", "Central Asia Tours", "CAT Company", "Ali Asia Tours", "Economad", "Global Invest" туристтик фирмалардын өкүлдөрү катышууда.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын жана "Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКнун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз стендинин ачылыш аземи өттү.

Кыргыз делегациясынын көргөзмөгө катышуусунун алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүү максатында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: