Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Атада жерге берилет






Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Ата шаарында жерге берилет. Учурда аны менен коштошуу зыйнатына даярдык жүрүп жатканын жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Интернет желесине тараган сүрөттөрдөн анын Чолпон-Ата шаарындагы үйүнүн жанында көчө бойлоп унаалар көп экенин көрүүгө болот. Ошол эле учурда 500дөй адам келип, 2 боз үй тигилгени айтылды.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-октябрда Бишкекте "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев УКМК тарабынан өлтүрүлгөн.
Ага чейин кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргүзүлүп жатканын кабарлаган болчу
Анын өлүмүнөн кийин Чүйдөгү абактардын биринде абал чыңалганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы ал маалыматты төгүндөдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.