super.kg logo

Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанына музей ачылат

 

Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат. Бул жөнүндө калаа бийлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, аталган иш "Булгануунун тарыхын түшүнүү – АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5" экологиялык искусство фестивалынын алкагында ишке ашырылмакчы. Таштанды музейинин ачылышы ушул жылдын 7-октябрында Алтын Казык конушунда болот.

Белгилей кетсек, экологиялык искусство фестивалы 22-сентябрдан 19-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, АКШ, Швейцария, Голландия, Грузия, Чехиядан жыйырмадан ашык сүрөтчүлөр катышууда.

"Алар булгануу маселесин чечкен көркөм инсталляцияларды жана иш-чараларды түзүү үчүн бирге иштешет. Ошондой эле катышуучулар архивдик изилдөөлөр, кайра иштетилген материалдардан жасалган интерактивдүү инсталляциялар, спектаклдер, көргөзмөлөр жана көркөм сессиялар, семинарлар, талкуулар жана презентациялар аркылуу өз аймагындагы булгануу көйгөйлөрүн чагылдырган эмгектерин тартуулашат" деп билдиришти мэриядан.

Көргөзмөлөр 2 жерде өтүүдө: Эмен паркынын галереясында жана Бишкек шаардык таштанды жайынын жанындагы Алтын-Казык конушундагы социалдык «Сакталган китептер китепканасында».






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: