super.kg logo

"Мугалим - мөмөлүү дарак". Бүгүн эл агартуучулардын майрамы (цифралар жана фактылар)

 

Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды.

- 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

- 2022-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.

- Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт, аларда 124 миңге жакын педагогдор 2 млн. жакын тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.

- Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 90 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 29 миңге жакын шаардык, 61 миңден ашуун айыл жерлериндеги мугалимдер.

- 2022/2023-окуу жылынын башына карата республикада 2 350 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 8 пайызы директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2022/2023-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгынын жогорку билимдери бар болгон.

Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 19 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде - 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир бешинчи студент педагогдук кесипти тандаган.

2022/2023-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 7 миңден ашуун келечектеги педагогикалык кызматчылар бүтүп чыгышты.

5-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: