Бишкектин тургуну каза болсо сөөгү кайда жерге берилет? Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жообу
Бишкек шаарынын тургуну кайтыш болгондо Аламүдүн районунун Гроздь айылында жайгашкан көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрдагы парламент жыйынында Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөхан Жунусбеков билдирди.
"Бишкектин тургуну каза болгон учурда маркумдун жакындары биздин агенттикке кайрылышы керек. Маалымкаттын негизинде биз жер караштырып беребиз. Көрүстөн Гроздь айылында жайгашкан. Эгер ал жакты алыс дешсе өздөрү жашаган аймакка жакын айыл өкмөттөргө кайрылышат, бирок ал жакта жашабагандыктан 20-30 миң сом төлөп калышат", - деди Жунусбеков.
Жогорку Кеңеште “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
Жогорку Кеңеш 05.10.23
Жогорку Кеңеш 05.10.23
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.