super.kg logo

"Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү күчөйт". Ташиев Токмоктогу имараттын ачылышында Көлбаев тууралуу айтты

 
Бүгүн, 5-октябрда капиталдык оңдоодон кийин УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жана аталган мекеменин өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.
Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланарын белгиледи. Мындан сырткары, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти. Ошондой эле УКМК башчысы уюшкан кылмыштуу топтон ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи.
Буга кечээ УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: