super.kg logo

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалды калкка кабарлоонун системасы ийгиликтүү сыналды 

 
Өлкөдө өзгөчө кырдаалды калкка кабарлоонун системасы ийгиликтүү сыналды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 3-октябрда саат 10:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарында калкты өзгөчө кырдаал тууралуу эрте кабарлоо сиреналары иштетилди.
Буга чейин маалым болгондой иш-чара "5-октябрь — Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата жана эрте кабарлоонун жаңы ишке киргизилген системасын сыноо максатында уюштурулган.
Белгилей кетсек, табигый жана техногендик кырсык тууралуу калкка эрте кабарлоонун жаңы ишке киргизилген системасы өлкөнүн 90 пайызын өзүнө камтып, теле жана радио жыштыгы аркылуу берилди. Эгер электр энергиясы үзгүлтүккө учураган болсо, генератордун жардамында иштөөсү уланат.
"Ошондой эле бул күнү республиканын бир катар телеканалдары жана радиолорундагы эфирлер токтотулуп, калкка кабарлоонун бул түрү да текшерилди.
Мындай иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жарандардын кырсык учурунда өзүн эрежеге ылайык алып жүрүү көндүмүн үйрөтүү, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: