super.kg logo
  Саясат  

Парламент Ысык-Көлдөгү мөңгүлөргө Абдулазиз падыша менен шейх Нахаяндын атын берүүнү колдоду

 

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы чокуларга Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) шейхи Заид бин Султан Аль Нахаян менен Сауд Арабиясынын падышасы Абдулазиздин атын ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Ага ылайык, Нахаяндын аты Ак-Шыйрактагы №354 мөңгүгө, ал эми "Падыша Абдулазиз" деген ысым № 331 аты жок мөңгүгө ыйгарылат.

Өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр 28-октябрда аталган мөңгүгө шейх Аль-Нахаяндын ысымын берүү тууралуу чечим кабыл алган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мындай чечим эки өлкөнүн алакасын чыңдоо максатында кабыл алынганын билдирген.

8-июнда документ биринчи окууда каралып жаткан маалда депутат Адахан Мадумаров баштаган бир катар депутаттар мөңгүлөргө Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын аты ыйгарылбай, чет өлкөлүк лидерлердин ысымы берилип жатканын сындаган.

Ал эми Балбак Түлөбаев, Коргонбай Жусупбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Аманкан Кенжебаев мөңгүгө аталышты ыйгаруу дос мамлекеттин лидерине, негиздөөчүсүнө болгон сый-урматтын белгиси, эки элдин достугунун символу экенин белгилешкен. Эл өкүлдөрү бул дүйнө жүзүндө кеңири тараган тажрыйба экенин айтып, мисал катары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнө жүзү боюнча көптөгөн объектилерге ыйгарылганын эске салышкан.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи (1971-2004) президенти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: