super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтыныбыз бар"

 

Бүгүн, 5-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесине катышып, геология кызматкерлерин, ардагерлерди жана салтанаттуу аземдин конокторун куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Жапаров геология өлкөнүн экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун, аны менен бирге тоо кен тармагы бюджет түзүүчү өзөктүү эң ири тармак экенин белгиледи.


Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500үндө деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат”, - деди Жапаров.


Өкмөт башчы ошондой эле тоо кен тармагындагы жүргүзүлүп жаткан жумуштардын натыйжасында “бюжетке миллиарддаган киреше” түшүп, ички дүң өндүрүмдүн көлөмүндө “триллион” деген сан пайда болгонун кошумчалады.

Азыркы күндө өлкөдө отун-энергетикалык ресурстары боюнча 26 кен бар, кымбат баалуу металлдар боюнча – 60, түстүү жана сейрек металлдар боюнча – 36, гипс, сары таш, туз жана башка ушул сыяктуу рудалык эмес – 38, курулуш материалдары боюнча 199 жерде материал алынат. “Жалал-Абад”, “Ысык-Ата”, “Арашан” сыяктуу 15тен ашуун минералдык суу кендерибиз бар. Булар мамлекетке миллиарддаган кирешелерди берип жатат, ал эми ички дүң өнүмдүн көлөмү 1 триллиондон ашты.

Ал эми Кумтөргө токтолсом, чындыгында Кумтөр экономиканын локомотиви, сыймыгы. Бийликтин ниети таза болгону үчүн азыр Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат. Азыркы геосаясий жана экономикалык агымдардын өзгөрүп жаткан доорунда биздин өлкөнүн келечегине стабилдүү өнүгүүнү берет”, - деди ал.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: